Студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүдө окуу-талаа практикаларынын ролу (ОшМУнун экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасындагы туризм жана география багыттарынын мисалында)
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.65469/eijournal.2026.1.6Ключевые слова:
окуу-талаа практикасы, кесиптик көндүмдөр, жогорку билим берүү, география, туризм, кесиптик компетенция, практикалык даярдыкАннотация
Бул макалада студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүдө окуу-талаа практикаларынын ролу каралган. Изилдөө Ош мамлекеттик университетинин экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасындагы туризм жана география багыттарынын мисалында жүргүзүлгөн. Окуу-талаа практикаларынын студенттердин теориялык билимдерин практика менен айкалыштыруудагы, кесиптик компетенцияларын калыптандыруудагы жана эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоодогу мааниси талданган. География багытындагы аймактар аралык маршруттук практикалар жана туризм багытындагы окуу-таанышуучу, өндүрүштүк, уюштуруучулук-башкаруучулук жана квалификация алдындагы практикалардын мазмуну көрсөтүлгөн. Ошондой эле практикалар аркылуу студенттерде изилдөө жүргүзүү, маалымат топтоо, талдоо, коммуникация жана уюштуруучулук жөндөмдөр калыптанары белгиленген. Изилдөөнүн жыйынтыгында окуу-талаа практикалары жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун маанилүү фактору экендиги аныкталган.
##submission.citations##
Мешечко Е.Н. Географическое краеведение. Минск, 1986.
СамиевК.Т., Базарбаева Г.Б., Султанов Ж.М. Основные вопросы организация учебно-полевой практики. // Материалы конференции “Географи – от терии к практике”. Кокон, 2024.
Середа В.И., Чормонов Б.Ш. Өз крайынды үйрөн. Фрунзе, 1973.
550100 табигый илимий билим берүү багытынын география профилинин негизги билим берүү программасы. ОшМУ, физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана ТТК жана экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасы, 2023.
600200 туризм багытынын эл аралык туризм профилинин негизги билим берүү программасы. ОшМУ, экономикалык география, тармактык экономика жана туризм кафедрасы, 2025.







