Студенттердин эс тутумунун сапатын баалоо жана анын медицинадагы мааниси

Авторы

  • Дарыгул Кубанычбековна Исраилова Ош мамлекеттик университети
  • Роза Кутлутбековна Толанбаева Ош мамлекеттик университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.65469/eijournal.2026.1.2

Ключевые слова:

эс-тутум, кыска мөөнөттүү эс-тутум, узак мөөнөттүү эс-тутум, студент, жетишкендик, окуу процесси, анкета жүргүзүү

Аннотация

Бул изилдөөнүн актуалдуулугу медициналык окуу жайлардагы студенттерге түшкөн өтө жогору когнитивдик жүктөмдөр жана кесиптик адистештирилген маалыматтардын эбегейсиз чоң көлөмүн өздөштүрүү зарылчылыгы менен түшүндүрүлөт. Эс-тутум – бул маалыматты кабыл алуу, сактоо жана кайра чыгаруу жөндөмү болуп саналат, ал натыйжалуу окутуунун жана клиникалык ой жүгүртүүнүн негизги пайдубалын түзөт. Изилдөөнүн негизги максаты медицина факультетинин студенттеринин кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү эс-тутумунун өнүгүү деңгээлин комплекстүү түрдө аныктоо болуп саналат. Изилдөөнүн жүрүшүндө негизинен 1-2-курстарда окуган 120 студент атайын текшерүүдөн өттү.Алынган жыйынтыктар төмөнкүнү көрсөттү: кыска мөөнөттүү эс-тутумдун ортодон жогору деңгээли 36 адамда (30%), орточо деңгээл 60 студентте (50%), ал эми төмөн деңгээл 24 студентте (20%) аныкталды. Узак мөөнөттүү эс-тутумдун көрсөткүчтөрү кыйла жогору болду: ортодон жогору деңгээл 54 студентте (45%), орточо деңгээл 50 адамда (41,7%), эң төмөн деңгээл 16 студентте (13,3%) байкалды. Студенттерде маалыматты узак убакытка сактоо жөндөмү жакшы өнүккөн деген корутунду чыгарылды, бирок академиялык жетишкендиктерди жогорулатуу максатында кыска мөөнөттүү эс-тутумду өстүрүүчү атайын методикаларды окуу процессине киргизүү зарыл. Бул изилдөөнүн жыйынтыктары окуу процессин оптималдаштыруу үчүн кызмат кыла алат.

##submission.citations##

Гиппенрейтер Ю.Б. Хрестоматия по общей психологии. Психология памяти. Москва: изд-во МГУ, 1979. – 272 с.

Гладышева О.В. Влияние личностных особенностей студентов медицинского ВУЗа на формирование синдрома эмоционального выгорания / О.В. Гладышева // Высшая школа: Проблемы и пути их решения [Электронный ресурс]: коллективная монография/ отв. Ред. Саурина О.С., Плотникова И.Е., Лунина Н,А. – Эл. Изд. – Электрон. Текстовые дан. (1 файл Pdf: 299 с.). – 2018. – Режим доступа: http://scipro.ru/conf/highschool.pdf

Лурия А.Р. Маленькая книжка о большой памяти. – М.: Эйдос, 1994. – 96 с.

Меженко Ю.С. Учись учиться сам. – Москва: ЗАО «БАО-ПРЕСС», ООО «ИД«РИПОЛ классик», 2006. – 224 с.

Немов Р.С. Общая психология Том II Книга 2 Внимание и память: учебник и Практикум. – М.: МГПУ, 2016. – 262 с.

Райгородский Д.Х. Практическая психодиагностика. Методики и тесты [Текст]: Учебное пособие / Д.Х. Райгородский.– Самара: Издательский Дом «БАХРАХ-М», 2006. – 672 С.

Хабарова Т.Ю. Тревожность как фактор снижения психических процессов у Студентов медиков-первого курса / / Т.Ю. Хабарова, О.В. Гладышева, А.А. Филозоп // Интернет – журнал «Мир науки» World of Science. Pedagogy and psychology. – Москва: Издательство «Мир науки», 2018. − №6. – том. 6. – С. 1-8. (идентификационный номер статьи 44PSMN618)

Ширяев О.Ю. О проблемах адаптации студентов // Ширяев О.Ю., Романова М.М., Зуйкова А.А., Красноруцкая О.Н. // Прикладные информационные аспекты медицины, 2016. –Т. 19. - № 1. – С. 12.

Залова, Т. Б. Взаимосвязь употребления энергетических напитков и развития мочекаменной болезни у молодёжи / Т. Б. Залова, Ш. К. Алайчиева, М. Ж. Дадабаева // Открытый журнал евразийских исследований. – 2025. – № 3. – С. 8-15. – DOI 10.65469/eijournal.2025.3.3.2. – EDN NMNNTH.

Мамаев, Т., Муйдинов, Ф., Гайназарова, Р., Аринбаев, Б. Медико-социальная значимость здорового образа жизни для формирования здоровья студентов // Вестник Ошского государственного университета. – 2023. №1. С. 7–14. https://doi.org/10.52754/16948610_2023_1_1

##submission.downloads##

Опубликован

##submission.updatedOn##

##submission.versions##

##plugins.generic.recommendByAuthor.heading##