Кыргызстандагы айыл чарба эмгекчилеринин социалдык абалынын тарыхый эволюциясы (1930-1980-жж.)
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.65469/eijournal.2026.2.11Ключевые слова:
Кыргызстан, айыл чарба, колхозчу, коллективдештирүү, агрардык саясат, интеллигенцияАннотация
Бул макалада 1930-1980-жылдар аралыгындагы Кыргызстандын айыл чарба эмгекчилеринин социалдык абалынын тарыхый эволюциясы комплекстүү изилденген. Изилдөөнүн актуалдуулугу советтик агрардык саясаттын тажрыйбасын талдоо аркылуу бүгүнкү күндөгү айыл жерлериндеги социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө тарыхый баа берүү зарылчылыгы менен аныкталат. Макалада коллективдештирүү мезгилиндеги «эмгек күнү» системасынан тартып, «өнүккөн социализм» доорундагы кепилденген акчалай эмгек акыга өтүү процесстери архивдик маалыматтардын негизинде каралган. Автор айылдык интеллигенциянын калыптанышына, аялдардын коомдук өндүрүштөгү ролуна жана айылды «шаардык типтеги конуштарга» айландыруу саясатына өзгөчө басым жасайт. Изилдөөдө тарыхый-салыштырмалуу метод колдонулуп, айыл калкынын жашоо деңгээлинин динамикасы талдоого алынган. Негизги жыйынтык катары, 1960-1970-жылдардагы реформалар айылдыктардын материалдык жыргалчылыгын шаардык стандарттарга жакындатканы менен, 1980-жылдардагы экономикалык стагнация бул моделдин мамлекеттик дотацияга гана таянган алсыздыгын жана кадрдык тартыштык сыяктуу социалдык карама-каршылыктарды ачыкка чыгарганы далилденет.
##submission.citations##
Бактыгулов, Дж. С. Коллективизация кыргызского аила: новый взгляд // Коммунист Киргизстана. – 1990. – 3 марта.
В 1966 году советские колхозники впервые получили зарплату [Электронный ресурс] // Администрация Убинского района Новосибирской области. – URL: https://ubinadm.nso.ru/news/6236 (дата обращения: 12.05.2026).
Ишенбекова Н.Т. История животноводства Кыргызстана (1980 – 1990 гг.): опыт и проблемы. // дис. ... канд. ист. наук: (на правах рукописи). Бишкек, 2010.
Керимбаев, С. К. Советский Киргизстан в Великой Отечественной войне 1941–1945 гг. – Фрунзе: Илим, 1985. – 312 с.
Коммунист Киргизстана. – Фрунзе, 1987. – № 2.
Кыргыз ССРинин эл чарбасы 60 жыл ичинде: Статистикалык жыйнак. – Фрунзе, 1986.
Народное хозяйство Киргизской ССР в 1982 году: Стат. ежегодник. – Фрунзе: Кыргызстан, 1983. – 280 с.
Плоских, В. М. История кыргызов и Кыргызстана: Учебник для вузов / В. М. Плоских, Д. Д. Джунушалиев, Т. А. Абдрахманов. – Бишкек: Илим, 2015. – 350 с.
Советская Киргизия. – 1986. – 4 ноября.
Ашимов А.Ж. (2026). 1930-жылдардагы Кыргызстанда кулактарды тап катары жоюу саясатынын ишке ашырылышы жана өзгөчөлүктөрү. Евразия изилдөөлөрү ачык журналы, №1, бб. 81-89. doi: 10.65469/eijournal.2026.1.10







