Кыргыз Республикасынын сейсмикалык кооптуу зоналарын жана чектеш аймактарын web-тиркемелер аркылуу анализдөө

Авторы

  • Темирлан Аттокурович Ормонов Ош мамлекеттик университети
  • Ноорузбек Койчуман уулу Ош мамлекеттик университети

##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:

https://doi.org/10.65469/eijournal.2026.1.16

Ключевые слова:

сейсмикалык зона, жер титирөө, веб-тиркеме, анализ, карта, маалыматтык система, мониторинг, коркунучту баалоо, геомаалыматтык система, веб-технологиялар

Аннотация

Бул макалада Кыргыз Республикасынын сейсмикалык кооптуу зоналарын жана аларга чектеш аймактарды веб-тиркемелер аркылуу анализдөө маселеси каралат. Кыргызстан географиялык жайгашуусуна байланыштуу сейсмикалык жактан активдүү аймактардын бири болуп саналат. Ошондуктан жер титирөө коркунучу бар зоналар тууралуу маалыматтарды талдоо жана калкка жеткирүү маанилүү болуп эсептелет. Сейсмикалык кооптуу аймактар жөнүндө маалыматтарды топтоо, аларды веб-технологиялардын жардамы менен иштеп чыгуу жана визуализациялоо жолдору каралган. Ошондой эле веб-тиркемелерди колдонуу аркылуу сейсмикалык маалыматтарды картада көрсөтүү, анализ жүргүзүү жана колдонуучуларга ыңгайлуу форматта сунуштоо мүмкүнчүлүктөрү баяндалат. Изилдөөнүн жыйынтыгында веб-технологияларды колдонуу сейсмикалык кооптуу зоналар жөнүндө маалыматтарды жеткиликтүү жана түшүнүктүү түрдө берүүдө натыйжалуу инструмент болуп саналары аныкталат. Актуалдуулугу – өлкөнүн жогорку сейсмикалык коркунучтуу аймакта жайгашканы. Көйгөй – мониторинг тутумунун жетишсиздиги. Максаты – негизги кооптуу зоналарды аныктоо жана коркунучту баалоо. Колдонулган ыкмалар: салыштырма-геологиялык, статистикалык, картографиялык. Натыйжалар: Алай-Чоң-Алай, Жалал-Абад, Ысык-Көл зоналары эң активдүү; 2008-жылдан жаңы сейсмикалык мезгил башталган. Корутунду: мониторингди күчөтүү, курулуш нормаларын катуулатуу зарыл.

##submission.citations##

Абдрахматов К.Э. Кыргызстандын сейсмикалык коркунучтуу аймактары жана божомолдоо маселелери // КР УИАнын Сейсмология институтунун жарчысы. – 2025. – № 2 (25). – Б. 3–12.

Миколайчук А.В., Калметьева З.А., Кобзарь В.М. ж.б. Seismotectonics of the inner Tienshan; Suusamyr Basin and adjacent areas // Geodynamics & Tectonophysics. – 2020. – Vol. 11, No. 1. – P. 39–52.

Камчыбеков М.П., Егембердиева К.А., Абдрахматов К.Э. Баткен шаарына чектеш аймактарда болгон күчтүү жер титирөөлөр // КР УИАнын Сейсмология институтунун жарчысы. – 2023. – № 1 (21). – Б. 52–58.

Poggi V., Parolai S., Orunbaev S. ж.б. Development of a regional probabilistic seismic hazard model for Central Asia // Natural Hazards and Earth System Sciences. – 2025. – Vol. 25. – P. 817–842.

Parolai S., Orunbaev S., Bindi D. ж.б. Site Effects Assessment in Bishkek (Kyrgyzstan) Using Earthquake and Noise Recording Data // OGS. – 2010. – 32 p.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту. Жылдык отчеттор жана жер титирөөлөрдүн каталогу. – Бишкек, 2024. – 145 б.

KNET Kyrgyzstan Seismic Network. Data and Metadata. – URL: http://www.knet.kg (кирүү датасы: 15.03.2026).

Abdrakhmatov K.E., Aldazhanov S.A., Hager B.H. ж.б. Relatively recent construction of the Tien Shan inferred from GPS measurements // Nature. – 1996. – Vol. 384. – P. 450–453.

Ильясов И.М., Усупбаев М.Т. Кыргызстандын сейсмикалык райондорунун картасын жаңыртуу маселелери // Открытый журнал Евразийских исследований. – 2024. – № 1 (7). – С. 55–63.

Омуралиев М.Ө., Турдукулова Э.Т. Сейсмикалык коркунучту баалоодо геоинформациялык системаларды колдонуу // Илим жана жаңы технологиялар. – 2022. – № 3. – Б. 87–94.

Исмаилова Ж. Основные угрозы и негативные воздействия влияния экологических факторов на сохранение биоразнообразия в Кыргыз-Атинском национальном парке // Вестник Ошского государственного университета. – 2022. №3. С. 52–61. https://doi.org/10.52754/16947452_2022_3_52

##submission.downloads##

Опубликован

2026-04-14