Ош облусунда спорттук туризмди өнүктүрүүнүн багыттары жана анын социалдык-экономикалык мааниси
##plugins.pubIds.doi.readerDisplayName##:
https://doi.org/10.65469/eijournal.2026.1.5Ключевые слова:
спорттук туризм, туруктуу өнүгүү, тоо туризми, экологиялык туризм, трекинг, альпинизм, туристтик инфраструктура, социалдык-экономикалык өнүгүүАннотация
Бул макалада спорттук туризмдин өнүгүү тенденциялары, анын негизги өзгөчөлүктөрү жана социалдык-экономикалык мааниси талдоого алынган. Изилдөөдө спорттук туризмдин түрлөрү, анын ичинде тоо туризми, экологиялык туризм, ат туризми, суудагы жана экстремалдык туризм багыттары каралган. Ошондой эле Ош облусунун спорттук туризмди өнүктүрүүгө болгон табигый жана инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрү иликтенген. Аймактагы спорттук туристтик маршруттардын, альпинизм жана трекинг үчүн ыңгайлуу шарттардын, ошондой эле эл аралык мелдештерге катышуунун тажрыйбасы мисал катары келтирилген. Изилдөөдө спорттук туризмдин экономикалык, социалдык жана маданий таасири өзгөчө баса белгиленет. Бул тармактын өнүгүшү жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатууга жана маданий байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү көрсөтүлгөн. Ошону менен бирге, экологиялык туруктуулукту сактоо жана туристтик инфраструктураны өнүктүрүү маселелерине да көңүл бурулган. Жалпысынан, макала спорттук туризмди Ош облусунда туруктуу өнүктүрүүнүн перспективаларын илимий жактан негиздөөгө багытталган.
##submission.citations##
Кыргыз Республикасынын улуттук статистикалык комитети, Кыргызстандагы туризм 2024, (2023–2027-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү стратегиясы). www.stat.kg.
Момошева Г.А., Монокбаев А., Назиров А., Основы спортивного туризма и его роль в зеленом развитии. Учеб. метод. пособие. Ош, 2025.
Момошева, Г., Сабиров, С., & Сатиев, Т. (2024). Спортивный туризм в условиях глобальных изменений климата. Вестник Ошского государственного университета. Химия. Биология. География, (2(5), 85–92. https://doi.org/10.52754/16948688_2024_2(5)_11
Момошева, Г., Карабаев, Р., & Уланбек уулу, К. (2024). Экологический спорт и туризм: баланс между активностью и природой. Вестник Ошского государственного университета. Химия. Биология. География, (2(5), 93–100. https://doi.org/10.52754/16948688_2024_2(5)_12
Стеблецов Е.А., Воронов Ю.С., Севастьянов В.В., Спортивно-оздоровительный туризм и спортивное ориентирование. Москва, 2024.
СултановЖ.М., Базарбаева Г.Б., Кантемиров А.Б., Аманкулова Т.Н. “Конный туризм – новое направление в туристической сфере Ошской области”.University Research Base, Apr. 2025, pp. 726-31, https://scholar.kokanduni.uz/index.php/rb/article/view/970
Яцык В.З., Подгорная А.С. Физическая подготовка спортсменов-туристов в дисциплине ≪дистанция – пешеходная≫ на этапе спортивного совершенствования // Физическая культура, спорт наука и практика. – 2018. – № 2. – С. 41–47.
Молдалиев, Ж. Т. Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультети: Болон процессине кабыл алынуучу багыттары / Ж. Т. Молдалиев // Евразия изилдөөлөрү ачык журналы. – 2025. – No. 4. – P. 1-15. – DOI 10.65469/eijournal.2025.4.1. – EDN OYPUZQ.







